15:32
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Чолпон-Ата шаарындагы башкы суу түтүктөрүнүн курулушу аяктап калды

Чолпон-Ата шаарында башкы суу түтүгүн куруу иштери аяктап калды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө Д-377×6 мм жана Д-108×4 мм темир түтүктөрү 4 чакырымы монтаждалган.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Чолпон-Ата шаарындагы башкы суу түтүктөрүнүн курулушу аяктап калды
Мындан сырткары долбоордун негизинде, 16 камера, 43 кудук (колодец), долбоордон сырткары 11-кудук кошумча коюлду, жер астындагы өтмөк (переход) долбоор менен 9-даана, кошумча долбоордон сырткары 5-өтмөк (переход), жалпысынан 14-даана жер астындагы өтмөк коюлду.

Ошондой эле өрт өчүрүүчү гидрант долбоор менен 4 даана, долбоордон сырткары 5-даана, жалпысынан 19-даана өрт өчүрүүчү гидрант коюлду.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын таза суу түтүктөрүнүн башкы суу түтүгүн алмаштырганга 2024-жылы республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу финансылык каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 98% аткарылды. Долбоорду толугу менен бүтүрүү 2025-жылдын июнь айынын экинчи жарымына белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар