03:51
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

ЖКнын төрага орун басарлыгына Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү

Бүгүн, 30-апрелде парламенттин жалпы жыйынында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине депутат Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Талапкер 1970-жылы 29-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. 1993-жылы И.Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтунун жалпы медицина факультетин «Жалпы медицина» адистиги боюнча бүтүргөн.

1997-жылы «Жылдыз-Фарм» ишканасын негиздеген (2009-жылы «Фармамир» ЖЧКсы болуп өзгөртүлгөн). 2003-2021-жылдары — «Эляй» ЖЧКсынын директору. 2021-жылы «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү. Үч баланын энеси.

24.kg агентигинин маалыматына караганда, Гүлсүнкан Жунушалиева дагы парламенттин вице-спикерлигине ат салышууда.

Эске салсак, Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар