Эртең, 20-апрелде Кыргызстандын түндүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...-2ге чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
«Мындай үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн гүлдөөчү бүчүрлөрүнө жана гүлдөөчү мөмө бадалдарына жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө кооптуу», - деп айтылат маалыматта.

