05:17
USD 87.45
EUR 99.57
RUB 1.07

Ататүрк паркында бизнес-борбор курулууда. Текшерүүнү Башкы прокурордон суранышты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Башкы прокурор Максат Асаналиевге эмне үчүн Ататүрк сейил багында бизнес борбор курулуп жатканын сурады.

Дастан Бекешев шаардык парктын чек аралары 2024-жылы бекитилгенин эске салды.

«Парктын аймагына курууга тыюу салынганда алар кантип уруксат алышкан? Чек аралар аныктала электе эле ал жерге курулуш курууга тыюу салынган. Бирок кийин кайра иш башталды. Эмнеге баарына тыюу салынып, башка бирөөлөргө уруксат берилген?» — деп суроо салды депутат.

Көзөмөл органынын жетекчиси бул объекттен кабары жок экенин айтып, карап көрүүнү убада кылды.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын апрель айында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү боюнча жарлыкка кол койгон. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын архивдик маалыматы боюнча 198 объект кайтаруу зонасына кирет. Бирок алардын саны, мэрдин айтымында, мындан да көп болушу мүмкүн.

Мэрия кыймылсыз мүлк объектилери боюнча мыйзам чегинде иш алып барарын, доо арыздарды даярдап, сотко берерин ишендирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG
29-апрель, шейшемби