22:30
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

Бишкекте үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында 7-9-апрель аралыгында өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган бейтаптарга бөйрөк алмаштыруу боюнча үч операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Операцияларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүздү.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протоколдун алкагында ишке ашты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бейтаптардын абалы менен жеке өзү таанышып, медициналык топ менен жолугушту.

Ал түрк кесиптештерине трансплантологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу медициналык кызматташуунун жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында трансплантологияны өнүктүрүү процесси башталган. Ошол эле жылдын август айында эле көп жылдар бою диализге кабылган жарандарга бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи операциялар жасалган.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG