15:54
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Депутат мугалимдерди отчет жана документтерди толтуруудан бошотууну суранды

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров мектеп мугалимдерин ар кандай отчет, документтерди толтуруудан бошотууну суранды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мугалимдердин убактысынын 40 пайызы билим сапатына таасирин тийгизбей турган маанисиз кагаз иштерине жумшалат.

«Учурда мугалимдердин балдарга убактысы жок. Мен көп жерде иштегем, бирок мынчалык көп кагаз толтурган эмесмин. Дүйнөлүк практикада мугалимдер документтештирүүгө 10 мүнөттөн ашык убакыт коротпошу керек. Санариптештирүү министрлигин Инновациялык технологиялар министрлиги деп өзгөрттүк. Ал эми мектептерде 1950-жылдардагыдай эле документтер толтурулат», — деди Элбаров.

Жогорку Кеңеш
Фото Жогорку Кеңеш. Элдар Абакиров тарабынан сунушталган буйруктун долбоору
Буга байланыштуу депутат кесиптештерин Билим берүү министрлиги мугалимдерден ашыкча бюрократиялык жүктү алып салышы үчүн Жогорку Кеңештин буйругун чыгарууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG