Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркко болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу министрдин Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү боюнча аракеттерин колдоорун билдирди.