09:18
USD 87.23
EUR 99.26
RUB 1.05

«Кыргыз аба жолдору» 2026-жылга чейин Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгыбы?

Кыргыз авиакомпаниялары 2026-жылдын май айына чейин Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгышы мүмкүн.Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча мамлекеттик агенттиктин директору учурда чет өлкөдө иш сапарда жүрөт. Канат Төлөгөнов Кыргыз Республикасын кара тизмеден чыгаруу иштери эки жылдан бери жүрүп жатканын баса белгиледи.

«Европа Комиссиясы биринчи алдын ала аудитти март айында өткөргөн. Тарыхта мындай нерсе болгон эмес. ЕКнын Транспорт департаменти май айында чогулат. Бул жыйында ИКАОнун мурунку аудиттеринин жыйынтыктары талкууланат жана акыркы аудит качан болору боюнча чечим кабыл алынат. Бирок Еврокомиссия бизге маалымдагандай, бул ушул жылдын күзүндө болот жана анын жыйынтыгы 202-жылдын май айында чыгарылат Кыргызстан кара тизмеден», — деди Канат Төлөгөнов.

Ал эске салгандай, Кыргыз Республикасы 2006-жылы жергиликтүү авиакомпанияларга тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан жана эл аралык стандарттарга жооп бербегендиктен кара тизмеге кирген. Ошондуктан Кыргыз Республикасы Евробиримдик өлкөлөрүнө аба каттамдарын аткара албайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG