74 миллион сомдук социалдык объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер (бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы) жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, «А-К» акционердик коомунда калтырылгандыгы аныкталган.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын жыйынтыгында 74 млн 152 миң сомду түзгөн аталган социалдык объектилер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.