05:02
USD 87.06
EUR 95.22
RUB 1.01

1-майдан тарта Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы оңдоого жабылат

1-майдан тарта Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт үйүндө курулуш иштери жүрүп жаткан чоң жыйындар залында шаршемби жана бейшемби күндөрү пленардык жыйындар болот.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Чоң жыйындар залы реконструкциядан кийин ушундай болот

Буга чейин 2023-жылы Корея менен парламенттин техникалык базасын чыңдоо боюнча атайын келишим түзүлгөнү маалымдалган. Долбоордун алкагында чоң жыйындар залы реконструкцияланып, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө көмөктөшүүчү акыркы заманбап технологиялар менен жабдылат.

Кошумчалай кетсек, быйыл Ак үй деп аталган тарыхый имараттын тегерегине брусчаткаларды жаңылоо пландалууда. Аны жакшыртуу жана жаңы бак-дарактарды отургузуу иштери да жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG