16:06
USD 87.45
EUR 99.57
RUB 1.07

Төрага сот департаментинин директорунун орун басарынын аты-жөнүнө нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Сот департаментинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулованын фамилиясынын орусча жазылганына нааразы болду.

«Рыскулова Джылдыз Джакшылыковна... Өзүң бүтүндөй бир бөлүмдүн директорунун орун басарысың. Ушуну өзүңүз эле жакшынакай кылып кыргызчалап албайсызбы? Ата-энеңиз Жылдыз, деп сонун ысым менен атаган экен. Ушуну эске алып башкаларга үлгү болсоңуз», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин парламент жыйынында төрага жарандарды Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын урматына аталган көчө жана проспектилердин аттарын кыргызча туура айтууга чакырган.

Нурланбек Тургунбек уулунун демилгеси менен Жогорку Кеңеш кыргыз тилиндеги фамилиялардын төрт жаңы орфографиялык вариантын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да кабыл алды.

Январь айында парламенттин төрагасы фамилиясындагы орусча -ов деген суффикстен (Нурланбек Шакиев) баш тартып, Нурланбек Тургунбек уулу болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG