Жогорку Кеңештин депутаттары Түштүк Корея өкмөтү менен кредиттер боюнча алкактык макулдашууну үчүнчү окууда жактырды.
Документке ылайык, Кыргызстан 2025-жылдан 2029-жылга чейин Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фондунан (EDCF) насыя ала алат. Кредиттин жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашпашы керек, бирок каражат корей вонунда берилет.
EDCF министрликтер жана ведомстволор тарабынан сунушталган экономиканын түрдүү тармактарындагы социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорун каржылай алат.