Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси дээрлик 119 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
2025-жылдын алгачкы эки айында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 118 миллиард 856 миллион сомду түздү.
Мекеменин маалыматына караганда, кирешенин негизги бөлүгү салык системасынан түшкөн. Мамлекеттик салык кызматы 41,1 миллиард сом, Бажы кызматы 19,9 миллиард сом чогулткан. Фискалдык жыйымдардын жалпы суммасы 61 миллиард сомду түздү.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын январь-февраль айларында мамлекеттик бюджет 89 миллиард сомго толукталган.