Өзгөндө 140 орундуу бала бакча курулат. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Бабур мектебинин аймагына курулат.
Пландык наркы 77 миллион 600 миң сомду түзөт.
Сунуштар менен билдирмелер 14-апрелге чейин кабыл алынат. Кепилдик күрөө сунуштун суммасынын 2 пайызын түзөт.