11:26
USD 86.51
EUR 93.66
RUB 1.02

ӨКМ: Талас районунда жер титирөөдөн 17 турак жай жабыркады

Талас облусунда эртең мененки жер титирөөнүн кесепетинен 17 турак жай жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, райондук жарандык комиссия тарабынан дубалдарынан жарака кеткен 17 турак жай катталган. Алардын 11и камсыздандырылган болсо, 6 камсыздандырылган эмес.

ӨКМнын басма сөз кызматы
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы

Кооптуу имараттар аныкталган жок. Келтирилген зыян эсептелип, имараттар изилденип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн үйлөрү жабыркаган жарандарды 112 номуру аркылуу билдирүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат 4.42де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашкан: Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, Бишкектен 135 чакырымда жана Тараздан (РК) 135 чакырым.

Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында 4 баллга жакын сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG