Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырмалуу браконьерлик жана токойлорду кыюу фактылары көп катталып жатканын брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы 333 токой кыюу фактысы катталган. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу көп экенин белгиледи. Министр жыгач кыюу фактыларынын көбөйүшүн курулуш тармагындагы өсүш менен байланыштырат.
Министр ошондой эле браконьерлердин заманбап технологияларды жана курал-жарактарды колдонуусунан улам браконьерлик фактылары көбөйүп, алар менен күрөшүү кыйын болуп жатканын белгиледи. Алар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн олуттуу каржылык чыгымдарды талап кылган жаңы ыкма керек", — дейт Медер Машиев.