«AnadoluJet» авиакомпаниясы аз бюджетүү Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча каттамдарды жасай баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын аэропортторунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейс 25-мартта башталып, бул каттам күн сайын эртең мененки убакта аткарылат.
AnadoluJet — бул Түркиянын эң ири авиакомпаниясы Turkish Airlines’тин туунду компаниясы болгон аз бюджеттүү лоукостери. Компания 2008-жылы жеткиликтүү авиакызматтарды сунуштоо максатында негизделген, ошол эле учурда коопсуздуктун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыздап келет.
AnadoluJet Түркиянын ичиндеги жана эл аралык багыттагы бюджеттик каттамдарга басым жасап, жүргүнчүлөрүнө заманбап учактарда ыңгайлуу жана арзан каттамдарды сунуштайт. Стамбул менен Бишкектин ортосунда жаңы каттамдын ишке кириши — AnadoluJet компаниясынын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүүдөгү маанилүү кадамы болуп саналат.
Күн сайын каттамдардын аткарылышы жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүктү жакшыртып, аларга атаандаштыкка жөндөмдүү баалар менен учууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин аталган авиакомпания Анкара — Бишкек багыты боюнча авиакаттамын ийгиликтүү ишке киргизип, жүргүнчүлөр арасында суроо-талапка ээ болуу менен популярдуулукка жетишкен.