06:56
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Кыргызстанда үч айда жол кырсыгынан 110 адам каза болду

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынан 110 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, анын кесепетинен 2 миң адам ар кандай жаракат алып, 110 адам каза болгон.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы катталган жол унаа кырсыктарынын өсүү темпи байкалууда. Бирок, быйыл мурдагыга салыштырмалуу бир эле унаа кырсыгынан 5-6 адам каза болуп, 10-11 адам ар кандай жаракат алган жол кырсыгы азаюуда",-деди ал.

Ал белгилегендей, катталып жаткан, жол кырсыгынын дээрлик 91%ы айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.

"Өкмөт жолдорду оңдоп, жарыктандырып канчалык шарттарды түзүп бергенине карабастан, катуу ылдамдыкта айдап жол унаа кырсыгына себепкер болгон көп учурлар кездешүүдө",-деди ал.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1-сентябрдан тарта аларды бузган айдоочулардын Жол кыймылынын эрежелери боюнча билимин алар токтогон жерден текшерүү тартибин киргизүүнү каалап жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG