20:54
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Парламенттик шайлоонун жаңы системасы. Угууларга жарандар чакырылат

4-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттик угууга катышууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат. Катышуучуларды каттоо 9.30да башталат.

Алдын ала катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 638801, 638562, 638778. Мыйзам долбоорунун тексти жана ага кошумча документтер менен шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Эске салсак, 20-мартта шайланган эл өкүлдөрү парламентке шайлоонун жаңы системасын киргизген мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алышты. Мажоритардык системаны колдонуу менен көп мандаттуу шайлоо округдарын киргизүү сунушталууда. Өлкөдө көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар бири үчтөн депутатты шайлайт, алардын бири аял болушу керек. Ошентип 90 мандаттын 60ын эркектер, 30ун аялдар алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG