USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Даректер

08:30, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-мартта Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;

темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-апрель көчөсү.

Суу «Көк-Жар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөрү айтылды.

Буга байланыштуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну эртелеп камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика