Токмак шаарына жакын жердеги айланма жолдо курулуш материалдарын ташыган жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман кабарлап, окуя болгон жерден видео жөнөткөн.
Өрт бүгүн, 19-мартта «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунда, Гавайи эс алуу борборунун жанында болгон. Окурмандын айтымында, жүк ташуучу унаа жолдун жээгинде токтоп турат. Анын аркасынан катуу от жалындап, бактарга чейин жайылып кеткен. Унаа курулуш материалдарын ташып бараткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына билдиргендей, «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 59-чакырымында унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 16:08де келип түшкөн. Окуя болгон жерге 1 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы инспекторлор бул аймактан өтүп бара жатып, күйүп жаткан МЕРСЕДЕС-БЕНЦ Атего үлгүсүндөгү унааны көрүшкөнүн билдирди. Алар токтоп, өрттү өчүрүүгө жардам бере башташты. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон жок. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.