14:40
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Камчыбек Ташиев: «Чек ара маселеси чечилди, мен кызматтан кетүүгө даярмын»

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселесин чечип бергени үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Чынында бул чечимди алып келиш, ушул чечимге келиш өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаш болду. Кайгыларды башыбыздан өткөрдүк, бирок ошолорду жеңип өтүп, кайрадан душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселени тынчтык, достук жолу менен чечиш өтө оор болду. Ушуга биз сиздер менен кошо жетиштик. Президент Садыр Нургожоевич төрт жыл мурда айтты эле, «биз чек араны маселесин бүтүрүшүбүз керек», деп мен ошондо ушул маселени чече албайт окшоймун, башка адамды коюңуз десем, «жок, өзүңүз чечесиз, экөөбүздүн гана мүмкүнчүлүгүбүз бар», деп мени алдыга сүрөп отуруп, акыры маселени чечүүгө жетиштик. Мен өмүрүмдөгү мамлекеттик эң маанилүү маселени чечүү үчүн башында туруп, аны чечип бердик. Президент бүгүн чакырып туруп, отставкага кетирсе да ыраазы болуп кетем», — деди УКМК төрагасы.

Белгилей кетсек, бүгүн «2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште дароо үч окууда кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG