06:09
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Чет өлкөлөрдө 600 миңдей кыргызстандык бар

Учурда чет өлкөлөрдө 600 миңдей кыргызстандык бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

«Анын ичинен эң көбү Россиянын аймагында. РФ Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча миграциялык каттоодо 379 миң 949 адам, Казакстанда болжолдуу маалыматтар боюнча 70 миң жана Түркияда 32 миң адам турган», — деди министрдин орун басары.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө АКШда 40 миңге жакын, Түштүк Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миңге жакын, БАЭде 10 миңден ашуун мекендештерибиз бар.

Эң көп окулган жаңылыктар