20:34
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Айыл чарба министрлиги дыйкандарга буудайды базар баасынан эки эсе кымбат саткан

2022-жылы Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги дыйкандарга буудайды «Айыл Банк» аркылуу базар баасынан эки эсе кымбаттатып, кредитке саткан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар аны 61 сомдон сатып алышса, ошол жылы буудайдын базар баасы 31 сомдон болгон.

«Дыйкандар бул буудайды тегирмендер кабыл албай койгондуктан эч качан пайдаланылбаганын айтышууда. Мына эми аны төлөп берүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул буудайдын баасын арзандатууну суранышууда», — дейт Жаныбек Кыдыкбаев.

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Жаныбек Керималиев дыйкандардан мындай даттануулар департаментке да түшүп жатканын айтты. Министрлик учурда маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Министрдин орун басары так кандай экенин тактаган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG