Бүгүн, 20-февралда Ош шаарындагы Исанов көчөсүндөгү университеттин тротуардагы тосмолорун бузууга киришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жерде бир катар унаа батчудай кошумча жол, тротуарлар курулуп, аны менен бирге жашыл аймактар түзүлүп, ирригациялык тармактар орнотулат.
Муниципалитет бул иш-чаралар жарандардын жолду кеңейтүү жана уруксатсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөшүү боюнча көптөгөн кайрылууларынан кийин башталганын белгилейт.
Эске салсак, буга чейин түштүк борбордун мэри Жеңишбек Токторбаев да ЖОЖдордун ректорлору менен жолугуп, жолду кеңейтүү үчүн окуу жайлардын тосмолорун 10 метр артка жылдырууну талап кылган.