13:03
USD 86.50
EUR 93.21
RUB 1.03

Ошто коопсуздук кызматкерине пара берген тургун кармалды

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында коопсуздук кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жогорудагы жаран аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.

Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар