21:38
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка чыгармаларды кабыл алуу жарыяланды

Президенттин администрациясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле өлкөнүн тиешелүү чыгармачыл бирликтери тарабынан Адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын изденип алууга чыгармачыл эмгектерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу ушул жылдын 3-мартынан 31-мартына чейин башталгандыгын жарыялайт.

«Кароого 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жарыяланган көркөм сүрөт искусствосу, музыка, театр искусствосу, кино искусствосу, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы чыгармачыл эмгектер кабыл алынат», — деп жазылат маалыматта.

Кабыл алынбай турган эмгектер:

чыгармалардын жыйнактары;

тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагы тыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;

изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;

концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Мамлекеттик сыйлыкты алууга талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана өлкөдөгү тиешелүү чыгармачыл биримдиктерге кайрылуусу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча 55-77-64 телефон номерине байланышса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар