Борбор калаанын түштүк-батыш тарабында 6-февралга белгиленген ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин 2025-жылдын 6-февралында шаардагы суу түтүктөрүн оңдоо – калыбына келтирүү иштерине байланыштуу - Скрябин - Тыныстанов - Радищев - Панфилов - Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин - Л.Толстой жана Панфилов көчөсүнө чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулары маалымдалган.