Кара-Суу районунун Медресе айылында мектеп окуучулары төрт нөөмөт менен билим алышууда. Бул тууралуу депутат Нурбек Алимбеков «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги чечиши керек болчу.
«2024-жылы Мамлекеттик курулуш комитети билдиргендей, 100 мектеп курулган. Бирок балдар төрт нөөмөттө окуган билим берүү мекемелери бар. Бул Медресе айылы. Мен бул тууралуу мурда да айттым. Билим берүү министрлиги буга эч кандай чара көрбөй жатат», — деп нааразы болду Нурбек Алимбеков.
Билим берүү жана илим министрлиги бул мектепке арыз бар экенин жана жакынкы аралыкта маселе чечилерин депутатка жооп кайтарды.