Кыргызстанда күч түзүмдөрүнүн демилгеси менен интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалаган 20дан ашык сайттар жабылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
17-январында Кыргызстандын аймагында интим кызматтарын жарнамалаган 23 интернет-сайттардын ишине бөгөт коюу боюнча соттун чечими чыгарылды. Бул чечимди аткаруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлдү.
Ички иштер министрлиги укук коргоо кызматкерлери тарабынан «Сойкукана» жана «Көпөлөк» боюнча рейддер байма-бай жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. 2025-жылдын январь айынын ортосунда эле милиция бөлүмүнө 90 сойку алынып келинген. Иш-чаранын алкагында сауналар, күнүмдүк ижарага алынган батирлер, мейманканалар жана шектүү сойкуканалар текшерилди.
Интим кызматын жарнамалаган сайттарга кирүүнү чектөө боюнча иштер улантылууда. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүү сайттарын иштеп чыгуучуларга жана ээлерине карата аларды жоопкерчиликке тартуу максатында чаралар көрүлөт.