2024-жылы Кыргызстанда энелердин өлүмүнүн 36 учуру катталган. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, бул 2023-жылга салыштырмалуу эки учурга аз.
«Төрөт үйлөрүндө аялдардын болуу шарты жакшыртылып жатат. Региондордо, Бишкек жана Ош шаарларында бир күндүк жаткыруу палаталары ачылды. Алар тез арада төрөткө же андан ары дарылоого муктаж болгон бейтаптардын категорияларын билишет. Мындан сырткары райондон кош бойлуу аялдарды жогорку баскычка жөнөтүү системасы бар», — дейт Раиса Асылбашева.
Ал белгилегендей, кызматкерлерди окутуу жана тажрыйба алмашуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ата мекендик адистер Россиядагы Кулаков атындагы симуляциялык жана окутуу борборуна шашылыш акушердик жардам көрсөтүү боюнча тажрыйбаларын үйрөнүү үчүн жиберилет.
«Ошондой эле стандарттарды өркүндөтүп, акушердик жардам көрсөтүү боюнча клиникалык колдонмолорду жаңыртып, энелердин өлүмүнө жашыруун анализ жүргүзүп жатабыз, бул кемчиликтерди талдап, келечекте алардын алдын алууга жардам берет», — деп кошумчалады Раиса Асылбашева.
Анын айтымында, кош бойлуу аялдардын 70 пайызы өз убагында — 12 жумага чейин каттоого турат. Бирок аялдар оор абалда медициналык жардамга кеч кайрылган учурлар дагы бар. Мындан тышкары, кош бойлуулуктун жана төрөттүн жүрүшүнө таасир этүүчү экстрагениталдык оорулардын көйгөйү актуалдуу.