Каракол шаарындагы мугалимдерге 192 ноутбук берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарында STEM мугалимдерине «Алтын Казык» бренди менен жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Мугалимдерге тапшырылган ноутбуктар «Алтын Казык» брендиндеги аппараттардын биринчи партиясы болот. Ноутбуктардын кийинки партиялары жыл ичинде министрликтин башка аймактык бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте өткөрүлүп берилээри күтүлүүдө.
Эске салсак, Кыргызстандын бардык мугалимдерине ноутбуктар 2024-жылдын жай айына чейин берилет деп убада кылынган, бирок мөөнөттөр кайра-кайра жылдырылып келген.