03:44
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

«Ала-Тоо» койлорунун жаңы породасы. Сапатын Айыл чарба министрлиги текшерди

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан түштүк аймактарда эт-майлуу жаңы «Ала-Тоо» породасындагы койлор сыноодон (текшерүү) өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия ар бир чарбанын койлорун текшерип, башка породалардан эттуу-майлуу жаны «Ала-Тоо» койлорунун айырмачылыгына жана өзгөчөлүгүнө баа берди.

Бул текшерүүнүн максаты кой чарбасындагы асыл тукумдук жетишкендиктерге укуктук статус берүү болуп саналат.

Маалымдоо 24.kg

Ала-Тоо койлору эттүү, семиз жаңы тукум болуп эсептелет, жергиликтүү койлорду гиссар койлору менен аргындаштыруу менен өстүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар