Asman Airlines компаниясынын учагы «Ош — Каракол — Ош» багыты боюнча алгачкы каттамын жасап, Караколго Оштон 50гө жакын жүргүнчү келди.
Алардын дээрлик көпчүлүгү Ысык-Көлдүн кышкы табиятына суктанып, эс алууга келгендер болду.
Маалыматка ылайык, каттамдар ар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, болгону 1 саат 20 мүнөткө созулат.
Билет баасы 4100 сомдон башталат. Билеттерди Asman Airlines мобилдик тиркемесинен сатып алса болот.
Мындан тышкары, авиакомпания төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды сунуштайт:
— Бишкек — Талас (жумасына бир жолу)
— Бишкек — Ош (күн сайын)
— Бишкек — Жалал-Абад (жумасына 5 жолу)
— Бишкек — Баткен (жумасына 3 жолу)
— Бишкек — Раззаков (жумасына 3 жолу).
— Бишкек — Каракол (жумасына 2 жолу)
Белгиленгендей, январдын аягында Бишкек — Кербен багыты боюнча каттам орун алат.