Бүгүн, 30-декабрда министрлер кабинетинин быйылкы акыркы жыйынында өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан 17 жаңы өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин салтанаттуу ачылышы болду. Салтанат онлайн режиминде өттү.
Бул объекттер 2024-жылга карата жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү программасынын акыркы объекттери болгон. Жалпысынан быйылкы жылдын программасында 102 объектти куруу пландалууда.
Кабинеттин башчысы Адылбек Касымалиев келерки жылы алардын саны эки эсеге көбөйүшү керектигин белгиледи.