08:08
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Москва районунда прокуратура 12 гектар ээсиз жерди тапты

Чүй облусунун Москва районунда 12 гектар айыл чарба жери табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Москва районунун көзөмөл органы тарабынан Төрт-Гүл айыл аймагынын аймагынан муниципалдык менчикте катталбаган, укук белгилөөчү документтери жок 12 гектар айыл чарба жерлери аныкталган. Прокуратура бул жерден салык, ижара жана инвестициялык төлөмдөр түрүндөгү каражат түшпөгөнүн белгиледи.

Жалпы баасы 88 млн 215 миң сомду түзгөн аталган 12 га айыл чарба жери муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар