19:22
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Эмне үчүн Асанбай паркында бажы аймагы ачылган? Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы Асанбай паркынын аймагына убактылуу бажы аймагын түзүү боюнча түшүндүрмө берди.

Муниципалитеттин түшүндүрмөсүндө мындай чечим сейил бактын аймагында орнотуу пландалып жаткан «Колесо обозрения» аттракциону оор болгондуктан, аны стандарттуу түрдө бажыдан өткөрүү көп убакытты талап кылышы мүмкүн. Убактылуу бажы зонасын уюштуруу кеңири таралган практика болуп саналат жана мыйзам чегинде бардык бажы жол-жоболорун сактоону камсыз кылат.

«Асанбай» паркын реконструкциялоо долбооруна ылайык, парктын аймагынын 15 пайыздан ашпаган аянтында гана атайын жабдуулар менен жабдылган стационардык коомдук тамактануу пункттарын орнотуу шарт.

«Асанбай» паркынын башкы планы бул чектөөлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан, бул долбоорду нормаларга жана стандарттарга ылайык ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Муниципалитет коомчулукту адаштырбоого жана маалыматты тастыктоо үчүн мэриянын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт

Эң көп окулган жаңылыктар