Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин 2024-жылдын 20-декабрындагы буйругу менен Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.
Бүгүн, 23-декабрда салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов төраганын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды. Ал белгилегендей, жаңы дайындалган жетекчинин орун басары өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага жана кесиптик билимге ээ.
Ал Кубанычбек Ысабековдун салык системасы, анын процесстери жана Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен жакшы тааныш экендигин белгиледи.
Кубанычбек Ысабеков буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.