Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев үчүнчү Элдик Курултайда Билим берүү министрлигин бир нече бөлүккө бөлүүнү сунуштады.
Анын айтымында, эми билим берүү министри бир эле учурда сегиз-тогуз багытты эсепке алышы керек.
«Министр мектепке чейинки, мектеп жана жогорку билим берүү тармагына көз салышы керек. Мындан тышкары, илимий чөйрө бар. Эки баштуу министрди дайындасак да анын эсебин алып жүргөнгө үлгүрбөй калат. Ошондуктан мен бир нече жолу аталган бөлүмдү Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү министрлиги менен Жогорку билим берүү жана илим министрлигине бөлүүнү сурандым», — деди спикер.
Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатат деп эсептейт.