Кыргызстандык Айпери Медет кызы Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк рейтингинде биринчиликти ээледи.
Белгилей кетсек, мекендешибиз өткөн жылы төрт турнирге катышып, анын үчөөнү — Азия чемпиондугун, рейтингдик Zagreb Open жана Ясар Догу жеңген.
Акыркы UWW рейтингинде ал 46 миң упайга ээ жана биринчи орунду ээледи.
2024-жылкы Олимпиаданын финалисти АКШлык Алексис Кеннеди Блэйдс 800 упайга аз. Алдыңкы үчтүктү жапониялык Юка Кагами толуктады. Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү, Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин) рейтингде бешинчи орунду ээледи.
Эске сала кетсек, Айпери Медет кызы 2024-жылкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мелдешке 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 5-орунга ээ болгон.
Ал күрөш боюнча турнирдин жарым финалына чыкты. Чейрек финалда индиялык Ритика күчтүү болду. Бирок ал америкалык Кеннеди Блэйдске утулуп калды.
Оюндарда эркин күрөш боюнча мелдеште Айпери Медет кызы коло байгеге ээ боло алган жок. Ал Кубанын өкүлү Милаимис Марин Потрилге утулуп калды.
Белгилей кетсек, буга чейин биздин мекендешибиз Токиодо да 5-орунга көтөрүлө алган эмес. Бирок акыркы төрт дүйнөлүк чемпионатта финалга чейин жеткен. Ал буга чейин UWW рейтингинде биринчи орунду ээлеген.