Парламент 2025-жылдын бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу«, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026—2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда. Жыйынга төрага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Документтер тууралуу маалыматты Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов билдирди.
Буга чейин каржы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандын 2025-жылдагы республикалык бюджетинин профицити 26 миллиард сомдон ашык болушу керектигин белгилеген. Ал белгилегендей, 2025-2027-жылдарга бюджеттин долбоорундагы эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын 2025-2029-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарынын параметрлерине негизделип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши бекиткен.
«Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелеринин жалпы көлөмү 472 млрд 856,1 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда. 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолдонгон профицити 26 миллиард 105,8 миллион сомду түзүп, аны экономикалык ишмердүүлүккө жана мамлекеттин милдеттенмелерин жабууга, анын ичинде өлкөнүн тышкы карызын жабууга жумшоо пландаштырылууда», — деди чиновник.