20:58
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Швейцария Кыргызстанга суу менен камсыздоо долбоору үчүн 20 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорго 20 миллион доллар грант берүүгө даяр. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, дипломат жакында Ысык-Көлдө өткөн Улуттук суу форуму жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба жана суу ресурстары тармагында жемиштүү кызматташуусуна ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар