Бүгүн, 6-декабрда Садыр Жапаров 56 жашка толду. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, президент туулган күнүн адаттагыдай эле иш үстүндө өткөрөт.
"Мамлекет башчысы былтыркыдай эле жумушта болот. Ал туулган күндү өзгөчө өткөргөндү жактыра бербейт. Кечинде, балким, жумуштан кийин үйүндө жакындары, үй-бүлөсү менен белгилеши мүмкүн", - деген ал.
Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.
Жапаров 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын президенти болуп шайланып, 28-январдан тарта президенттик кызматка расмий киришкен.