00:59
USD 86.80
EUR 91.06
RUB 0.82

Салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн үч жетекчиси кармалды

Салык кызматынын үч райондук башкармалыгынын жетекчилери 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Эскерте кетсек, 3-декабрда УКМКнын кызматкерлери «Альфа» атайын отрядынын кызматкерлери менен биргеликте Мамлекеттик салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында 30 кызматкер жана төрт жетекчи суракка алынып келинди. Кийинчерээк катардагы жумушчулар менен бир жетекчи бошотулуп, үч аткаминер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маалыматтарга караганда, салык кызматкерлери коррупцияга шектелип текшерилген.

Эң көп окулган жаңылыктар