01:23
USD 86.80
EUR 91.06
RUB 0.82

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин жаңы сессиясы өтөт

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы, XXIX чакырылышынын биринчи сессиясы бүгүн, 2-декабрда өтөт. Бул тууралуу БШКнын сайтында айтылат.

Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, биринчи сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачып, шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.

Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төраганы, төраганын орун басарын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмесин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жана уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.

Бул чакырылышта депутаттардын саны 51ге чейин көбөйтүлдү. Административдик-аймактык реформага чейин 45 депутат болгон.

Борбор калаада шайлоо босогосун беш партия аттады: «Жаңы күч — жаңы күч» (17 мандат), «Эмгек» (12), «Адилет» (8), «Ынтымак» (8) жана «Эл үмүтү» (6) ).

Эң көп окулган жаңылыктар