08:51
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

2024-жылы айыл чарба тармагына 2,32 миллиард сом түшкөн

Кыргызстандын айыл чарба тармагына 2024-жылы 2,32 миллиард сом түшкөн. Бул тууралуу «Кепилдик фонду» ААК билдирди.

Дыйкандарды колдоо мурдагы жылдардагыдай эле Кепилдик фондунун приоритеттүү ишмердүүлүгү бойдон калаары белгиленген.

Үстүбүздөгү жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагынын 2 миңге жакын ишкери кепилдик колдоодон пайдаланып, 2 миллиард 322 миллион сомдон ашык суммадагы кредиттик финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Өлкөнүн дыйкандарына насыя берген кепилдиктердин суммасы 892 миллион сомду түздү.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган кепилдиктердин саны республикада бизнеске көрсөтүлгөн колдоонун жалпы көлөмүнүн 61 пайызын түздү.