02:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документте Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынды. "Эркечтам - автожол" жана "Торугарт - автожол" унаа өткөрүү пункттары үчүн өзгөчөлүк киргизилип, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына аталган мамлекеттик чек ара өткөрүү пункттары аркылуу көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууда колдонулбайт.

Токтомго ылайык, чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү жана 6 айлык мөөнөткө киргизилет.

Экономика жана коммерция министрлигине үч күндүн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) тыюу киргизилгендиги тууралуу билдирүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар