22:38
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстандын, Түркия жана Венгриянын биринчи айымдары мода көргөзмөсүнө катышты

Мода көргөзмөсүнө Кыргызстандын, Венгриянын жана Түркиянын биринчи айымдары келишти. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Айгүл Жапарова, Эмине Эрдоган жана Анико Левай үчүн мода көргөзмөсү уюштурулду.

Сыйлуу конокторго кыргыздын улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү.

Эске сала кетсек, Анико Левайды Кыргызстанга расмий иш сапары жана ТМУнун саммитине катышуу үчүн келген жолдошу, Венгриянын премьер-министрин коштоп жүрөт.

Ал эми Эмине Эрдогандын жолдошу, Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келип, ТМУнун саммитине да катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар