09:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ТМУ саммити: Түрк мамлекеттеринин лидерлери Бишкекке качан келишет?

Бишкек 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммитине катышуу үчүн өлкө лидерлерин тосуп алууга даярданып жатат. Биздин булактардын алдын ала маалыматы боюнча Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн кечинде мамлекеттик сапар менен келет.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда түн бир оокумда, ал эми күндүз Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлери келери күтүлүүдө. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 6-ноябрда эртең менен кесиптештери менен жолугушат.

Бишкекте өтө турган ТМУ саммитинин негизги темасы «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» болот.

Эң көп окулган жаңылыктар