08:06
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Эртең, 2-ноябрда Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүк азыктарынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет.

Белгилей кетсек, жарманкени ар жуманын дем алыш күндөрү өткөрүп туруу пландалууда. Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000

Эң көп окулган жаңылыктар